Бүгүн, 19-октябрда саат 09:00дө Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына Жогорку Соттун имаратына, Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна жана Санариптик өнүктүрүү министрлигине бомба коюлганы тууралуу маалымат түштү. Маалыматты Бишкек ШИИББден билдиришти.
Бул фактылардын негизинде райондук бөлүмдөрдүн жетекчилиги жана тергөө топтору окуя болгон жерге барышып, кызматкерлердин баары эвакуациялап, имараттар курчоого алынды. Тиешелүү кызматтар жардыруучу затты издөөдө.
Саат 09:40та милицияга Asia Mall соода борборуна да жардыруучу зат коюлганы тууралуу билдирүү түштү. Жерине ыкчам топ барып, эвакуация иштерин жүргүзүп, соода борбор курчоого алынды. Учурда кинологдор бомбаны издеп жатышат.
Саат 10:27да Бишкектин Октябрь райондук сотунун имаратында бомба бар экени кабарланды. Ыкчам кызматкерлери жерине барып, бардык жарандарды коопсуз жайга чыгарып, текшерүү жүргүзүү үчүн имаратты курчоого алышты.
Ага улай эле «ЦУМ Айчүрөк» борборунда жардыруучу зат бар экени маалымдалды. Мындай билдирүү саат 11:18де түшүп, милициялар жерине барып, коопсуздукту камсыздоодо. Учурда бомба бар делинген бардык жайларда текшерүү жүрүп жатат.