Бишкекте бир тууган кыздар дайынсыз жоголду. Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришкендей, алардын бири 10 жашта, экинчиси 7 жашта.
Милицияга кыздардын атасы кайрылган. Ал 2014-жылы туулган Гузел Назарматова жана 2017-жылы туулган Айша Назарматова аттуу кыздары 8-августта саат 8-11лер чамасында үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген.
Учурда милиция кызматкерлери дайынсыз жоголгон кыздардын жүргөн жерин аныктоо боюнча издөө иш-чараларын жүргүзүүдө.
Дайынсыз болуп жаткан кыздарды көргөн, билгендер болсо 0312 56 60 43, 0999 96 15 06, 0704 10 27 02 жана 102 номерлери аркылуу кабар берсеңиз болот.