Бишкекте чет өлкөлүк жаранды сабаган транс-кыздар кармалды. Жабырлануучуга дагы айып пул салынат

Бишкек шаарында чет элдик жаранды уруп-согуу фактысы боюнча жүргүзүлгөн алдын ала иликтөөнүн жыйынтыгын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы жарыялады.

Буга чейин социалдык тармактарда үч транс-айымдын эркек кишини сабап жаткан видеосу тараган. Милициянын маалыматына ылайык, окуя 6-апрель күнү таңкы саат төрт жарымдар чамасында катталган. Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери төрт кишини — К.Н. (2002-ж.т.), А.Т. (2000-ж.т.), К.М. (2001-ж.т.) жана чет элдик жаран С.К. (1992-ж.т.) — бөлүмгө жеткиришкен.

Бул факты боюнча материалдар Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн Коомдук коопсуздук кызматына өткөрүлүп берилген. Жыйынтыгында К.Н. жана А.Т. аттуу транс-айымдарга Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси (“Майда бейбаштык”) боюнча протокол түзүлүп, иш сотко жөнөтүлдү.

Мындан тышкары, чет элдик жаран С.К.га карата дагы Бузуулар жөнүндө кодекстин 431-беренеси (“Чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасында жүрүү эрежелерин, эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү тартибин же транзиттик жүрүү эрежелерин бузуу”) боюнча протокол түзүлүп, ага 5 500 сом айып салынары маалымдалды.

9 Апрель 2025 жыл 16:21
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча