Бишкекте дарыгерлер 18 жаштагы кыздын ашказанынан 4кг чачты алышты

Улуттук госпиталда хирургдар сейрек кездешүүчү патологияга операция жасашты.

18 жаштагы кыз ооруканага жүрөк айлануу, тамактангандан кийин кусуу, тамакты сиңирбөө менен түшкөн. Ал арыктап, алсыздыкка нааразы болгон. Дарыгерлер текшерип көрүп, ашказан көңдөйүн 35 сантиметр өлчөмүндөгү жана салмагы 4 килограммга жакын чачтардан турган түйүлдүк ээлеп турганын аныкташкан.

Хирургдар Абдулла Матмуратов менен Тамерлан Жумабеков операция жасап, денеге тамак-аш киргизбей калган затты алып салган. Учурда бейтаптын абалы канааттандырарлык, жакынкы күндөрү ооруканадан чыгаруу пландалууда.

2 Октябрь 2023 жыл 16:02

Тема боюнча