Бишкек шаарында алдыдагы дем алыш күндөрү -20 градуска чейин суук болушу күтүлөт.
Абанын температурасы -4 градуска чейин төмөндөйт, 17-февралда күндүз -8..-10°, түнкүсүн -11…-13 градус болот.
Синоптиктердин маалыматына таянсак, 16-февраль күндүз жана 17-18-февраль күндөрү аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт.
16-февралда күндүз жана 17-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.
18-февралда Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, кар күрткүсү күтүлөт. 17-18-февралдарда айрым жерлерде туман түшүшү ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 17-22 метрге жетет.
17-18-февраль күндөрү абанын температурасы төмөндөп:
Мындай суук аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.