
Бишкек шаарынын Н.Исанов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдөн чыккан өрт саат 12:00дө чектөөгө алынды. Бул тууралуу ӨКМ маалымат кызматынан билдиришти.
Учурда тилсиз жоону толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жок.
Октябрь райондук N5 ӨКБдан 2 күжүрмөн эсеп, 1 автошаты иш алып барууда.
Кошумча маалымат берилет.