Бишкекте көрүүсү жана угуусу боюнча майыптыгы бар адамдар үчүн жаңы футбол аянтчасы ачылды

Бишкекте көрүүсү жана угуусу боюнча майыптыгы бар адамдар үчүн жаңы футбол аянтчасы ачылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Мындай иш-чаралар майыптыгы бар адамдардын укуктарын камсыз кылуунун жаңы механизмдерин киргизүүгө, аларды коомго аралаштырууга, маданий жашоого, эс алуу жана спортко катышуу үчүн шарттарды түзүү болуп саналат.

«Бүгүнкү күндө «Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр” коомдук бирикмеси 8 миңге жакын майыптыгы бар адамдарды бириктирет. Анда 700гө жакын көрүүсү жана угуусу боюнча майыптыгы бар адамдар эмгектенет”,- деди эмгек министри Жылдыз Полотова.

21 Август 2024 жыл 16:59
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча