Бишкекте кримтөбөл Камчы Көлбаевди кармоо аракети болуп жатканы айтылды

Бүгүн, 4-октябрда Бишкекте кримтөбөл Камчы Көлбаевди кармоо боюнча атайын операция жүрүп жатканын бир катар маалымат каражаттары жазды. Социалдык тармакта видео, сүрөт тарады.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети расмий маалымат бере элек.

Интернетте тараган алдын ала маалыматтар боюнча, Камчыбек Көлбаевди «Блондер» кафесинде кармоо боюнча атайын операция жүргүзүлүүдө. Жерине башкы прокурор Курманкул Зулушев, саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев да барганы кабарланды.

Кримтөбөл атыккан Камчы Көлбаев 2021-жылы 21-октябрда УКМК тарабынан Бишкек шаарында кармалган. Ал «Уюшкан кылмыштуу топту түзүү» беренеси боюнча айыпталган. Көлбаев 2-ноябрь күнү ден соолугуна байланыштуу №47 абакка которулган. Март айында чет жакка кетпөө тил катынын негизинде абактан бошотулган.

4 Октябрь 2023 жыл 16:27

Тема боюнча