Бишкекте курсант көп убакыттан бери баңгизат сатып келген деп кармалып, кылмыш иши козголду

Бишкекте курсант көп убакыттан бери баңгизат сатып келген деп кармалып, кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ИИМдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы кабарлады.

Кармалган Э. Т. аттуу жаран Россиянын Аскердик-аба күчтөрүнүн 2-курсунун курсанты экени айтылат.

Милиция Чоң Чүй каналынын аймагынан баңгизат кыстырылган 49 жерди тапкан. Жалпы салмагы 88 граммдык зат синтетикалык баңгизат (альфа-туз) болуп чыккан. Шектүү дагы ЧЧКнын аймагынан колго түшкөн.

14 Сентябрь 2024 жыл 13:45

Тема боюнча