Бишкекте маршруттук каттамда бара жаткан автобус бакты сүздү

Бишкекте №48 автобус маршруттук каттамда бара жатып кырсыкка учурап, 5 жүргүнчү жабыркады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган автобус Восточный автовокзалда чыгыштан батышка бара жаткан жолдо айдоочу К.К. унаанын рулуна ээ боло албай, жолдун жээгиндеги бакты сүзгөн.

Алдын ала маалымат боюнча, 5 жүргүнчү жабыркаган. Учурда кырсыктын себебин аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.

15 Ноябрь 2023 жыл 15:11
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча