
Бишкекте сойкулук жана ыпластык иштерди уюштурган шектүү кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти.
22-февраль күнү мурда соттолгон жарандын интим кызматын уюштуруу боюнча туруктуу схема уюштургандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесине (сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 1998-жылы туулган жаран аныкталып, кармалган. Учурда кармалган жарандын ушул сыяктуу фактыларга тиешеси бар же жогу текшерилип жатат.