Бишкектеги батирлердин биринен телефон шылуундары колдонгон СИМ-бокс аппаратуралары табылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден маалымдады.
Маалыматта, СИМ-бокс эл аралык чалууларды жергиликтүү чалууларга окшоштуруп колдонууга ыңгайлаштырылганы, ага кошумча 120 жергиликтүү уюлдук компаниялардын СИМ-карталары алынганы айтылат.
«Шылуундар СИМ-бокс менен кыргыз жарандарына телефон чалып, ири суммадагы акча алып жүрүшкөндүгү аныкталган. Жыйынтыгында, кармалган чет өлкөнүн жараны Т.К., борбордогу батирлердин биринде көзөмөл жүргүзгөн адамдардын көрсөтмөсү менен белгилүү бир убакта симбокс аппаратын туташтырып, өзүнүн кызматы үчүн жакшы суммадагы акча алып жүргөн», — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, алдамчылар Улуттук банк менен ИИМ кызматкеринин жасалма күбөлүгүн колдонуп жүргөн.
