Бишкекте туруктуу жашаган жери жоктор үчүн баш калкалоочу жай иштей баштады

Бишкектин Октябрь районунда убактылуу баш калкалоочу жайлар иштей баштаганын мэрия кабарлады.

Туруктуу жашаган жери жок адамдарга арналган баш калкалоочу жай 12-кичи райондогу Токомбаев көчөсү, 1а дареги боюнча жайгашкан. Ал 82 орунга ылайыкталган.

“Бул жерде оңдоо иштери жүргүзүлүп, бөлмөлөр акталып, сырдалып, эшик-терезе коюлуп, чатыры жылууланды. Баш калкалоочу жайда муздаткычтар, плазмалык телевизор, бардык бөлмөдө аристон, кир жуугуч автомат машина, сенсордук плитка жана башка керектүү оокаттар бар”, — деп жазылган маалыматта.

Ошондой эле №8 Үй-бүлөлүк медицина борборунун, Октябрь РИИБдин социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери бекитилген.

Баш калкалоочу жайлар 1-ноябрдан 1-апрелге чейин иштемекчи.

6 Ноябрь 2023 жыл 11:55
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча