
Бишкек шаарында велосипед жана скутер уурдоого шектелип 3 жаран кармалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук милициясы кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, 26-февралда аталган милиция бөлүмүнө жаран кайрылып, 20-февраль күнү саат 19:15 чамасында белгисиз адамдар Панфилов көчөсүндө жайгашкан үйдүн кире беришинен жалпы баасы 75 000 сомду түзгөн эки велосипедди уурдап кеткенин айткан.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (уурдоо) негизинде кылмыш иши козголуп, ыкчам издөө башталган.
Жыйынтыгында шектүү катары 31, 29 жана 22 жаштагы үч жаран кармалган. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Тергөөнүн жүрүшүндө кармалгандардын дагы ушул сыяктуу 15тен ашык кылмышка тиешеси бар экендиги аныкталган.