Бишкекте жөө өтмөктөн кетип бараткан балалуу келинди КамАЗ өлтүрө сүзгөн (видео)

Бишкекте КамАЗ коляска менен жолдон өтүп бараткан аялды өлтүрө сүзгөн. Бул тууралуу Милициянын Кайгуул кызматы  билдирди. Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн Шабдан баатыр көчөсүндө  болжол менен саат 17:00 чамасында болгон.

Анда оор жүк ташуучу автоунаанын 62 жаштагы айдоочусу жөө адамдар өтчү чийинден коляска түртүп өтүп бараткан 29 жаштагы келинди сүзгөн. Аял кырсык болгон жерде мүрт кетип, ал эми коляскадагы баласы ооруканага жаткырылганы айтылды.

Териштирүү иштери башталып, унаа айып короого токтотулган.

16 Декабрь 2024 жыл 18:26
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча