Бишкекте жана Чүйдө катуу шамал болот

ӨКМге караштуу Кыргызгидромет кызматынын маалыматына ылайык, жакынкы бир саат аралыгында жана күндүз Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-17 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт.

Катуу шамал учурунда коопсуз жайларда болуңуздар. Өзгөчө электр чубалгыларынан, бак-дарактардан, жарнама калкандарынан алыс болуңуздар. Эгер сиз, өзгөчө кырдаалга күбө болсоңуз, «112» кызматына токтоосуз чалыңыз. Чалуу күну-түнү кабыл алынат жана акысыз.

20 Ноябрь 2024 жыл 12:09
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча