Бүгүн, 22-июнда саат 23:10до
Бишкекте жер титиреди.
Android’ден келген эскертүү системасынын
маалыматы боюнча, жер титирөө Бишкектин түштүк тарабында болгон.
Анын күчү 4,4 балл деп бааланууда.
АКШнын Геологиялык кызматынын
маалыматы боюнча, жер титирөөнүн очогу
Бишкектен 37 чакырым, Кант шаарынан 21
чакырым алыстыкта жайгашкан.
Азырынча тиешелүү мекемелер расмий маалымат бере элек.