Бишкектеги №2 ооруканага бомба коюлгандыгы айтылууда

Бишкектеги №2 ооруканага бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат түштү.

Учурда бейтаптар менен персонал эвакуацияланып жатканы айтылды. Жеринде министр Алымкадыр Бейшеналиев өзү жүрөт.

«Ал өзү бейтаптарды жана оорукананын медициналык кызматкерлерин эвакуациялоону жетектөөдө. Алар ооруканадан анча алыс эмес жерде жайгашкан консерваториянын имаратына эвакуацияланууда»,- деп айтылат маалыматта.

13 Декабрь 2023 жыл 14:07
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча