Бишкектеги №4 төрөт үйүндө кесарево жолу менен төрөгөн келин каза болду

Бишкектеги №4 төрөт үйүндө кесарево жолу менен төрөгөн келин төрөттөн каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 5-февраль күнү эртең менен 29 жаштагы келинге операция жасалган. Бул анын үчүнчү кош бойлуулугу жана үчүнчү төрөтү болгон. Ал операция учурунда каза болгон. Саламаттыкты сактоо министрлиги кызматтык иликтөө жүргүзүүдө.

5 Февраль 2024 жыл 13:41
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча