Бишкектеги 45 миң адамга арналган стадионду 2026-жылдын 31-августунда ачуу пландалууда. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин 14-ноябрдагы жыйынында билдирди.
Ал белгилегендей, учурда жаш балдардын спорт менен алек болуусу үчүн жакшы шарттарды түзүү аракети кызуу жүрүүдө.