Бишкектеги Бакыт өргөөсү 15-майдан 15-июнга чейин жабык болот

10-майда Бакыт өргөөсүнүн имаратында оңдоо иштери башталган. 15-майдан 15-июнга чейин никени салтанаттуу түрдө каттоо залы оңдоо иштерине байланыштуу жабык болот. Бул тууралуу Санариктип өнүктүрүү министрлигинен маалымдашты.

Ошол эле учурда кызматкерлер имараттын биринчи кабатында никени салтанаттуу түрдө каттоону улантышууда. Жарандарды кабыл алуу адаттагыдай эле саат 9:00дөн 18:00гө чейин жүргүзүлүүдө.

20 Май 2024 жыл 13:05
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча