Бишкектеги катуу шамалдагы кыйроолор (видео)

Бишкектеги бүгүнкү катуу шамалда шаардын бир нече көчөлөрүндө дарактар кулады.

Москва жана Фучик көчөсүндө жана Эркиндик сейил багында дарак унаанын үстүнө түшкөн.

Ала-Тоо аянтындагы туу дагы убактылуу түшүрүлдү.

Белгилей кетсек, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2 саат мурун Бишкек шаары жана Чүй облусунда ылдамдыгы 17-22 метрге жете турган катуу шамал болорун эскерткен.

28 Март 2024 жыл 18:13
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча