Бишкектеги коркунучтуу жол кырсыгы 19 жашар баланын өмүрүн алды

2024-жылдын, 30-декабрга караган түнүндө Бишкекте үрөй учурган жол кырсыгы катталып, 19 жаштагы жигит каза болду 

ЖКККББнын маалыматына караганда, жол кырсыгы түнкү саат 02:15 чамасында Алматы көчөсүндө катталган. Анда Honda Fit каршы тилкеге чыгып, бакты сүзгөн. Видеодон машина бакты катуу сүзүп, талкаланып калганын көрүүгө болот.

Кырсыктан 19 жаштагы жигит каза болуп, 21 жаштагы эки жигит жана 18, 20 жаштагы балдар Чүй облустук ооруканага жеткирилген. 

30 Декабрь 2024 жыл 11:44
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча