Бишкектеги мектептер качан кадимкидей иштей турганы айтылды

7-февралдан тарта Бишкектеги бардык мектеп жана бала бакчалар кайрадан офлайнга өтөт.

Бишкек шаарында жылуулук берүү турукташкандыгына байланыштуу бардык муниципалдык билим берүү уюмдарында окутуу 7-февралдан тартып билим берүү процесси мурдагыдай режиминде улантылат.

Буга чейин ЖЭБдеги штаттан тышкаркы кырдаалга байланыштуу 2-февралдан баштап 6-феравлга чейин (өзгөчө буйрукка чейин) Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү департаментинин буйругунун негизинде онлайнга которулган.

5 Февраль 2024 жыл 19:20

Тема боюнча