Бишкектеги менчик клиникада 22 жаштагы аял төрөттөн каза болду

Бишкектеги менчик клиникада 22 жаштагы аял төрөттөн көз жумду. Бул тууралуу маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлиги ырастады.

Төрөттөн кийин аялдан кан кеткени айтылат. Анын ымыркайынын абалы туруктуу, туугандары үйүнө чыгарып кетишкен.

Окуя март айынын аягында болгон. Милиция териштирүү иштерин жүргүзүүдө.

20 Апрель 2024 жыл 9:52
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча