
Жогорку Кеңештин депутаты Ырысбек Атажанов Бишкектеги жаңы конуштарга көп кабаттуу үйлөрдү курууга мораторий киргизүүнү сунуштады.
Анын айтымында, көп кабаттуу үйлөр козу карындай пайда болуп, шаардын көркүн бузуп жатат.
«Жаңы конуштарга көп кабатуу үй курууга мораторий киргизүү керек. Анткени азыр 4-5 үйдү сатып алышып, көп кабаттуу үй курушууда. Бул коңшуларына да кыйынчылыктарды жаратууда», — деди Атажанов.
Ал эми курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин милдетин аткаруучу Нурдан Орунтаев борбор калаанын башкы планы даярдалып жатканын белгилеп, ага туура келбеген жерге үй курууга уруксат берилбей турганын билдирди.