Бишкектеги жаңы оңдолгон өтмөктөн суу агып, асфальты урай баштаган

Бишкектеги Манас жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде жер астынан өтүүчү өтмөктөн суу агып, асфальт төшөлгөн жолу ажырап баштады. Бул тууралуу Reporter.kg’ жазды.

Шаар тургунун айтымында, өтмөктө таштанды дагы топтолуп турат.

«Күзүндө көпкө чейин жабык турду. Оңдолуп жаңы эле ачылган. Биринчи кар менен эле шыпынан суу агып баштады. Шаар бюджетинин акчасын ушуга коротуштубу?», — дейт окурман.

27 Декабрь 2023 жыл 9:47

Тема боюнча