Бишкектеги жолбун ит-мышыктарды кастрация кылуу пландалууда

«Тазалык» муниципалдык ишканасынын башчысы Жолдош Чуштуков Бишкек шаардык кеңешинин 18-февралдагы жыйынында Бишкектеги жолбун ит-мышыктарды стерилизация жана кастрация кылуу планы бар экенин билдирди.

Анын айтымында, жылына ит атууга шаар бюджетинен 7 миллион 433 миң сом бөлүнөт. Бирок ага карабай жыл өткөн сайын шаарда жолбун ит-мышыктар көбөйүп жатат. Анын пикиринде, эгер мындай тажрыйба киргизилсе, 1-2 жылдын ичинде жолбун жаныбарлардын көбөйүүсү азаят.

19 Февраль 2025 жыл 10:03
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча