Бишкектеги жолчуларга атын атагысы келбеген жаран 300 порция тамак берген

«Пейилиңерден айланам. Кыргыз болгонума ушунчалык кубанам». Мындай билдирүүнү Бишкектин вице-мэри Жамалбек Ырсалиев жарыялады.

«Атын атагысы келбеген инилериме Аллах ыраазы болсун! Ысыктын күнү иштеп жаткан жумушчуларга тамак жана суусундук алып келип таратып беришти. Силердей инилерибиз турганда Кыргыз мамлекетинин келечегине ишенимбиз бекем. Бүгүн 300 порция тамак жана суусундук алып келип таратып берген, шаурма берген бардык инилерден Аллах ыраазы болсун! Тамак-аш жана суусундук бергиси келген досторума эшик ачык. Суусундук берем, шоро алып берем, аш басып барат элек деген достор байланыша бериңиздер. +996553517777 менин байланыш номерим», — деп жазылат билдирүүдө.

11 Июнь 2024 жыл 10:00

Тема боюнча