Бишкектин айрым жерлеринде 10-июндан 14-июнга чейин газ болбойт

Бишкекте 10-июндан 14-июнга чейин оңдоо иштерине байланыштуу бир катар аймактарда жаратылыш газы өчүрүлөт. Бул тууралуу «Бишкекгаз» газ кызматы кабарлады.

10-12-июнда Көлбаев, Калинин, Жеңиш проспектиси, Ауэзов, Токмок, Лермонтов, Ленин пр., Киров, Чапаев көчөлөрүндө газ өчөт.

11-13 июнда Т.Айтматов, 7-Апрель, Чүй пр., Армейская көчөлөрүндө, 12-14-июнда Ленин, Восточная, Сокулук көч., Киров, Лермонтов көчөлөрүнүн кесилишкен аймактарда.

7 Июнь 2024 жыл 11:40
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча