Биринчи май районундагы мектептерде балдар сабак учурунда смартфон колдонушпайт. Бул тууралуу Мэриядан кабарлашты.
«Борбор калаада “Смартфонсуз сабак” долбоору ишке ашты. Мектеп окуучулары телефондорун атайын кутуларга салып, танаписте кайра алышат»,-деп айтылат маалыматта.
Мэрия мындай жол менен балдар материалды жакшы өздөштүрөт деп эсептейт.