Бишкектин мэриясы 112 унааны аукцион аркылуу сата турган болду

Бишкектин мэриясы 112 унаа аукциондон сатыларын кабарлады.

Шаар бийлиги билдиргендей, сатыкка бир нече үлгүдөгү унаа, прицеп коюлган. Алардын баары азыр иштебейт.

Унаа сатып алууну каалагандар 14-февралга чейин мэриянын Муниципалдык мүлктү башкаруу департаментине кайрылышы керек.

Аукциондун өзү 18-февралда саат 14:00до «Бишкек шаары, Чокморов көчөсү 246» дареги боюнча өтөт.

Сурап билүү үчүн телефон: 0(312) 35-33-89, 97 91 95(4225)

15 Январь 2025 жыл 9:21
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча