Бишкектин Октябрь райондук сотунун имаратына бомба коюлгандыгы айтылууда

Бүгүн, 19-октябрда саат 10:27де милицияга Бишкектин Октябрь райондук сотунун имаратына бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

Окуя болгон жерге райондук администрациянын жетекчилиги жана Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын 3-бөлүмүнүн ыкчам-тергөө тобу дароо жөнөп кетишти. Кызматкерлер жана жарандар эвакуацияланып, аймак курчоого алынган.

Буга чейин Жогорку Сот, райондук сот жана министрликтин имараты, «Азия Молл» соода борбору дагы курчоого алынган.

19 Октябрь 2023 жыл 11:22

Тема боюнча