Блогер көчөдө ваннага түшүп, ичимдик ичкени үчүн камалды (видео)

Казакстандын Талгар шаарында блогер көңүл ачуучу контент тартуу үчүн жолдун жөө өтмөгүндө ваннаны алып келип коюп, көбүккө жатып алып, шарап ичкен. Бул окуяны жаштар камерага тарткан. Бирок көңүл ачууну полиция кызматкерлери келип токтоткон.

Кыймылга тоскоолдук жаратып, транспорттук унааны токтотуу эрежесин көзөмөлдөбөгөнү, коомдук тартипти бузганы үчүн укук бузган адамга карата бир катар административдик протокол түзүлгөн. Жыйынтыгында соттун чечими менен роликтин каарманы 15 суткага камалды.

Ал эми блогер өзү калктан кечирим сурады.

5 Февраль 2024 жыл 8:14

Тема боюнча