Британияда 6 миллион доллардан кымбат турган алтын унитаз уурдалган

Британияда жаран Уинстон Черчилль туулган Марлборо герцогдорунун үй-бүлөлүк мүлкү болгон Блейнхайм сарайынан баасы 6 миллион доллардан кымбат турган алтын унитазды уурдаганын мойнуна алды. Бул тууралуу Sky News басылмасына таянуу менен СЕРЕП МЕДИА агенттиги жазды.

18 карат алтындан жасалган унитаз италиялык сүрөтчү Маурицио Каттелан тарабынан жаралган колдонууга жарамдуу арт-объект. 2016-жылы унитаз Нью-Йорктогу музейде көргөзмөгө коюлуп, андан кийин Блейнхайм сарайына жеткирилип, Черчилль төрөлгөн бөлмөнүн каршысына орнотулган. 2019-жылы унитаз уурдалган.

Төрт адам уурулук боюнча айыпталып, алардын бири күнөөсүн мойнуна алды. Бул адам видео аркылуу көрсөтмө берди, анткени ал буга чейин бир нече уурулук үчүн 17 жылдык жаза мөөнөтүн өтөп жатат. Күнөөсүн мойнуна албаган калган айыпталуучулар 2025-жылы соттолот.

3 Апрель 2024 жыл 10:27
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча