Президент Садыр Жапаров орусиялык ырчылардын 31-августта өтө турган концертин колдоого алды. Бул тууралуу ал «Кабар» агенттигине берген атайын интервьюсунда айтты.
Ал Филип Киркоров, Стас Михайлов жана башкалардын Бишкекке келерин укканда чындап сүйүнгөнүн белгилейт.
«Бул маселени акылы тайкы, алысты көрө албаган саясатчылар көтөрүп жатат. Аларды зомбилери ээрчип атат. Эсиңердеби? Бизди эч ким тааныбайт, өлкөбүзгө эч ким келбей койот дегендер болгон. Азыр таанымак турсун, Кыргызстан менен бардык өлкөлөр эсептеше баштады. Келе жаткан жылы дүйнөлүк державалардын президенттери келээри күтүлүп жатат. Мурда чындап эле керек болсо кошуна өлкөлөр теңине алчу эмес. Азыр Кудайга шүгүрбүз. Ошондуктан, анча- мынча бузукуларга көңүл бурбагыла. Ким уккусу келбесе, укпай эле койсун. Эч кимди зордобойбуз», — деп кесе билдирди президент.