Быйыл бишкектиктер үчүн 2184 батирди ипотекага берүү пландалууда. Бул тууралуу «Элдик» депутаттык тобунун жыйынында «Мамлекеттик ипотекалык компания» башкармалыгынын төрагасынын орун басары Нурадил Баясов билдирди.
Айтымында, төмөнкү даректердеги көп кабаттуу турак үйлөрдөн:
Баясов кошумчалагандай, кыргызстандыктар мамлекеттик ипотека боюнча жалпысынан 16 миллиард 403 миң сомдук 9621 насыя алышкан.
Бишкекте 3621 адам мамлекеттен ипотека алган, Баткен облусунда 180, Жалал-Абадда 1180, Нарында 543, Ошто 733, Ош облусунда 670, Таласта 264, Чүй облусунда 1702, Ысык-Көл облусунда — 728.
Бул максаттарга 2021-2024-жылдары мамлекеттик бюджеттен 21,4 миллиард сом бөлүнгөн.