Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Көк-Жар айылындагы 140 орундуу бала-бакчанын курулушу бүттү. Бул тууралуу Мамкурулуштун маалымат кызматынан кабарлашты.
Объекттин курулушу 2014-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Долбоордук-сметалык документациясы “Тилен енд Бай” ЖЧКсы тарабынан даярдалган. Сметалык наркы 65 011,3 миң сом. Курулуш иштерин “Универсал Техно Лайн” ЖЧК тарабынан жүргүзүлүүдө.
Бала бакчанын курулуш жумуштары толук аягына чыкты. Азыркы мезгилде бала бакчаны пайдаланууга тапшыруу үчүн аракеттер көрүлүп жатат.
Долбоорго ылайык бала бакчада балдар үчүн санитардык нормаларды сактоо үчүн жана билим берүү программаларына ылайыкталган шарттар каралган.