15-сентябрдан тарта Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Кыргызстанда казылып жаткан көмүрдүн сатуу баасын бекитиши керек. Бул тууралуу Kaktus.media сайты «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын директору Кайрат Маматов билдиргенин жазды.
Анын айтымында, Кара-Кече көмүрүнүн тоннасы 5300-5400 сомдун тегерегинде болот. «Өткөн жылы көмүрдүн баасы 4 миң 200 сомдон 6 миң сомго чейин өзгөргөн. Буга логистика, күйүүчү-майлоочу майлардын кымбатташы таасир этет. Көмүр казуунун баасы жыл сайын өсүүдө», — деп белгиледи ал.
Бишкектеги көмүр базаларынын даректери
Чүй облусундагы көмүр базаларынын даректери