Быйыл узундугу 6 метрге жеткен жаңы автобустарды сатып алуу пландалууда

Быйыл узундугу 6 метрге жеткен жаңы автобустарды сатып алуу пландалууда. Бул тууралуу Бишкек мэринин орун басары Жамалбек Ырсалиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 10-12 метрлик автобустар шаардын айрым көчөлөрүнө ылайык келбегендиктен, бурулуштарда кыйынчылык жаралат. Муну эске алуу менен ушул жылы кыска 6 метрлик автобустар сатылып алуу пландалууда.

«Түркиядан алынып келген 12 метрлик автобустар ири каттамдарга, мисалы, Сокулук, Кант багыттарына киргизилет», — деп белгиледи Жамалбек Ырсалиев.

Ошондой эле ал өткөн жылы өлкөгө 1000 автобус келгенин айтты.

Белгилей кетсек, борбор калаада күнүгө 1200 автобус каттамга чыгат.

5 Февраль 2025 жыл 9:17
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча