Быйыл Ысык-Көлдө тогуз жыл бүткөрүлбөй турган мектеп бүткөрүлдү

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кара-Коо айылындагы Рашид Жангазиев атындагы мектебинин курулушу аяктады. Бул тууралуу Мамкурулуш агенттигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

350 орунга эсептелинген бул мектептин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен 2014-жылы башталган.

Мектеп эки кабаттуу окуу корпустарынан (“А” жана “Б” блоктору), спорттук залдан жана өтмө галереядан турат.

Долбоорго ылайык жаңы мектепте окуучулар үчүн бардык шарттар түзүлгөн: китепкана, ашкана, дарылоо кабинети, спорттук залда кыздар жана балдар үчүн чечинүүчү жайлар жана душ кабиналары. Негизги класстык кабинеттерден тышкары мектепте компьютердик класс, химия, физика сабактары боюнча кабинеттер жана лаборатория, кол эмгек кабинети жана металл иштетүү устаканалар каралган.

Мектептин курулушу толугу менен бүтүп, азыркы учурда анын тегерегин көрктөндүрүү жана асфальттоо жумуштары жүрүп жатат.

Айта кетсек, 2023-жылы жалпы Ысык-Көл облусу боюнча 12 мектепти куруу пландалып, бюджеттен 1 млрд сомго жакын каражат каралган. Пландалган мектептердин алтоосу колдонууга берилип, ал эми бүгүн ачылып жаткан Рашид Жангазиев атындагы мектеп – 7си болууда.

18 Ноябрь 2023 жыл 17:17
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча