Чүй каналына боюн таштаган 23 жаштагы кыздын сөөгү табылды

Буга чейин дайынсыз болуп изделип жаткан, 23 жаштагы Миргүл Мидинованын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Свердлов РИИБнын маалымат кызматынан билдиришти.

Белгилесек, 10-июнда Чоң Чүй каналына белгисиз кыз секирип кеткени тууралуу милицияга маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барып, каналдын жээгинен кыздын жеке буюмдарын табышкан.

«15-июнда Свердлов РИИБнин кызматкерлери, кайгуул кызматкерлери жана ӨКМдин өкүлдөрү менен биргеликте дайынсыз жоголгон 23 жаштагы Миргүл Мидинованын сөөгүн Биринчи Май районунан табышкан», — деп айтылат маалыматта.

Бул окуя боюнча бардык керектүү экспертизалар дайындалды. Ал эми Миргүл Мидинова тагынган алтын буюмдар ата-энесине берилген.

17 Июнь 2024 жыл 13:17
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча