Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгына 20 кызматтык унаа тапшырылды. Бул тууралуу ИИМ маалымат кызматы кабарлады.
Бүгүн, 16-февраль күнү Чүй облусунун аймагында өткөрүлүп жаткан “Коопсуз өлкө –туруктуу келечек” аталышындагы элдин коопсуздугун чыңдоого арналган форумдун алкагында Бишкек шаарында ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын шаар, райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн айылдык милиция бөлүмчөлөрүнө “ВАЗ-НИВА-21214” үлгүсүндөгү жаңы 20 кызматтык унааны тапшырды. Алыскы райондордо иш алып барып жаткан тартип сакчылары үчүн бул кубанычтуу жаңылык болду.
Ал эми жаңы кызматтык унаалар укук бузуулардын алдын алуу, кылмыштуулук менен күрөшүү жана Чүй ОИИББдин материалдык-техникалык базасын чыңдоо, калкты тейлөөнүн сервистик сапатын жакшыртуу максатында Кемин, Чүй, Ысык-Ата, Аламүдүн, Сокулук, Москва, Жайыл, Панфилов райондук жана Токмок шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн милициянын айылдык бөлүмчөлөрүнө жана Чүй ОИИББдин Коомдук коопсуздук кызматына өткөрүлүп берилди.
Бул унаалар иштин алга жылуусуна, жарандар менен тыгыз иштешүүдө чоң өбөлгө түзмөкчү.
