Чүй, Талас облустарында үшүк жүрүшү күтүлүүдө

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 26-27-мартта түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында 0…-2° үшүк жүрөт. Мындай үшүк жемиш бактарынын бүчүрлөрүнө, гүлдөгөн жемиш бактарына коркунучтуу.

25-28-мартта Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү, эңкейиш жана төмөн жерлерди суу капташы, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн. Арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана дренаждык түйүндөрдү тазалоо сунушталат.

26-мартка чейин күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек–Ош автоунаа жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында, Каракол–Эңилчек жолундагы Чоң-Ашуу ашуусунда, Ала-Бука–Каныш-Кыя жолундагы Чапчыма ашуусунда жана Красная-Горка–Акташ автоунаа жолунун 1-2-чакырымдарында кар күрткүсү жана кар көчкү түшүүcү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метрлик аралык чектелиши зарыл.

25 Март 2025 жыл 15:03
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча