Чүй жана Нарын облусунда «Манас» айтуу боюнча сынак токтотулду

Чүй жана Нарын облусунда «Манас» айтуу боюнча сынак токтотулду. Бул тууралуу Кыргыз улуттук «Манас» театрынын директорунун орун басары Нурбек Талантбеков билдирди.

Ал Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы кырсыкта жабыркаган балдардын ата-энелерине көңүл айтты.

«Сузактагы иш-чара 26-апрелде өтүшү керек эле. Бирок жергиликтүү билим берүү башкармалыгынын, акимиаттын сунушу менен ал башка күнгө жылган. Бүгүн болгонун биз кырсыктан кийин билдик. Аларга коопсуздукту кароо боюнча тапшырма берилген. Балдардын коопсуздугун камсыздабаган жетекчилер жоопко тартылат», — дейт ал.

Нурбек Талантбеков «Манасты» таркатууга арналган сынак былтыры жана быйыл башка аймактарда тынч, эч бир кырсыксыз өткөнүн белгилейт.

«Бул кырсык. Жакшы ниет, жакшы тилек менен баштаган ишти табалабай, бата берип турсаңар. Мына Ысык-Көлдөгү сынактарды жыйынтыктадык. Алдыдагы Чүй менен Нарында боло турган иш чаралар өтпөйт», — деди ал.

3 Май 2024 жыл 9:49
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча