Чүй облусунда 7-класстын окуучусу колу-буту байланып, чечинген абалда табылган. Бул тууралуу 24.kgнин өздүк булактары билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 24-октябрда болгон. Окуучу кызды улгайган жубайлар табышкан. Кыз көчөдө эс-учун жоготуп жаткан.
«Кыздын буту жана колдору скотч менен оролгон, оозунда чүпүрөк болгон. Шымы менен ич кийими ылдый чечилген. Өспүрүм кыздын боосун чечип, оозунан чүпүрөктү жулуп алганда, ал өзүнө келди», — деп билдиришти редакциядан.
Окуяга күбө болгондор милиция кызматкерлерин жана кыздын туугандарын чакырышкан. Мектеп окуучусу бакма үй-бүлөдө тарбияланып жатканы белгилүү болду. Андан сырткары дагы эки багып алган бала бар.
Маалыматты 24.kgге Борбордук ички иштер башкармалыгы тастыктады. Аталган факт райондук милицияга катталып, бирок кылмыш иши козголо элек. Жабырлануучу каралып, суракка алынган.
Ошол эле учурда облустук милиция кылмышка шектүүлөрдүн өздүгү такталганбы, РИИБге жеткирилгенби же суракка алынганы тууралуу маалымат берүүнү убадалады.