Чүйдө картошканы кайра иштетүүчү завод курулууда

Ысык-Ата районунун Кең-Булуң айыл өкмөтүндө картошканы кайра иштетүүчү завод курулууда.

Президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашкандай, заводдун курулушу аяктаса жүздөгөн адамдарды жумуш менен камсыз болот. Бирок, бул жерде жумуш орундарын түзүү гана эмес, фермерлер үчүн айыл чарба продукциясын туруктуу сатуу мүмкүнчүлүгү да абдан маанилүү.

«Учурда көпчүлүк дыйкандар түшүмдүн көптүгүнөн картошканын арзан баасына туш болушууда. Ошондуктан аны кайра иштетүү аркылуу башка продуктуну өндүрүп, сатуу көбүрөөк пайда табууга мүмкүндүк берет», — деп айтылат маалыматта.

19 Апрель 2024 жыл 11:01
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча