Чөнтөк уурулукка жол жок!» аттуу профилактикалык иш-чара жүргүзүлүүдө

Бишкектин Ленин райондук милициясынын кызматкерлери тарабынан «Чөнтөк уурулукка жол жок!» аттуу профилактикалык иш-чара жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аталган райондук милициядан билдиришти.

Бул иш-чара 11-30-декабрга чейин шаардагы коомдук жайларда жана кичи автобустарда чөнтөк уурулук фактыларынын көбөйүшүнө байланыштуу өткөрүлүүдө. Милиция кызматкерлери жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жөнөкөй коопсуздук эрежелерин сактоону суранууда.

Милиция чөнтөкчүлөргө баалуу буюмун, акчасын уурдаткан же уурулукка күбө болгон жарандарды 0 (312) 352-947 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.

20 Декабрь 2023 жыл 18:53

Тема боюнча