Чаткал-Ташкент жолун салуу болжолдонууда

Чаткал районун Өзбекстандын борбору Ташкент менен байланыштырган 60 чакырымдык жолду салуу пландалууда. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абаддагы өкүлү Тилек Текебаев билдирди.

Текебаев жолду салуу алдыдагы жылдарга колюлган план экенин, ал туристтик агымдын өсүшүнө салым кошорун айтат.

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөт өкүлдөрү «Талас — Чаткал — Ташкент» жолун салуу пландарын билдиришкен. Бул жолдун максаттуулугу изилдене турган болгон.

13 Февраль 2025 жыл 9:37
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча