Ушул жылдын, 28-майында УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев бир катар объектилерди чек арачыларга өткөрүп берүү учурунда чек-арачынын уулу Ташиевге-«Садыр Жапаров каякта?»,-деп суроо узаткан.
Төрагы жаш балага Садыр Жапаров салам айтканын билдирип, жооп узатып колун кыскан.

Кошумчулай кетсек, 2022-аскер бөлүгүндө заманбап талаптарга жооп берген жаңы штабдык имараттар жана казармалар ачылды. Ташиев алар менен таанышты.
Өткөн жылы чек арачылар аскердик базага жакын жайгашкан имараттан 48 батирдин ачкычын алышкан. Быйыл дагы 32 батир бүткөрүлүп, чек арачыларга берилди.
Мындан сырткары 60 батирлүү имараттын курулушу жүрүп жатат. Ташиев курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышып, жыл аягына чейин бүткөрүүнү тапшырды.